Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева 6-июлда, Австриянын патенттик ведомствосунун жетекчиси менен эки тараптуу жолугушуу болуп өткөрдү. Эки тараптуу жолугушууга, Австриянын патенттик мекемесинин президентинин милдетин аткаруучу Стефан Харасек, стратегия бөлүмүнүн жетекчиси Рафаэла Тифенбахер жана Эл аралык байланыштар боюнча кызматкер Фридолин Эгерер катышты.

Ушундай эле эки тараптуу жолугушуу — Кытай мамлекетинин патенттик мекемесинин жетекчиси, Шын Чангью мырза менен болуп өттү. Анда тараптар өз мекемелери тууралуу азыноолак маалымат алышкан соң, Инновациялык долбоорлор жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты.