Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бул боюнча сүйлөшүүлөр Швейцарияные Женева шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы ассамблеясынын алкагында жүргүзүлдү.

Эске салсак, 6-июль күнү Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен Австриянын патенттик ведомствосунун жетекчилигинин ортосунда эки тараптуу жолугушуу өткөн.

Жолугушууда тараптар интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү багытында биргелешкен меморандум даярдоо боюнча макулдашышты. Бул жакынкы арада ишке ашаары күтүлүүдө.

Ошондой эле, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда Бизнес инкубаторлор боюнча тажрыйба алмашуу багытында да сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул эки тарап үчүн тең пайдалуу болот,-деди Австриянын патенттик ведомствосунун президентинин милдетин аткаруучу Стефан Харасек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *