Кыргызпатенттин расмий сайты
 

10-июлда, Женева шаарында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, АКШнын Соода жана Интеллектуалдык менчик боюнча министринин орун басары, Патент жана товардык көрсөткүчтөр боюнча мекемесинин директору Кэти Видаль менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөдөгү патент мекемелери тууралуу маалымат алмашышты. Андан соң, Рахат Керимбаева, АКШлык өнөктөштөрүнө, Кыргызпатенттин эксперттерин окутуу боюнча иш алып барып жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, бул багытта кызматташууну улантууну сунуштады.

Ошондой эле тараптар, технопарк, трансфер технология жаатында кызматташуу боюнча макулдашышты. Инновация багытындагы биргелешкен стартаптарды колдоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

АКШдагы өнөктөштөр, автордук чыгармаларга калем акыларды электрондук системага киргизүү боюнча тажрыйбасын бөлүшүүнү убада кылды. Жолугушуунун соңунда, тараптар өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу боюнча макулдашышты. Бул сунуштарды АКШнын Соода жана Интеллектуалдык менчик боюнча министринин орун басары, Патент жана товардык көрсөткүчтөр боюнча мекемесинин директору Кэти Видаль жакшы кабыл алып, жакынкы арада ишке ашырууга аракеттер болоорун билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *