Кыргызпатенттин расмий сайты
 

10-июлда, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Индиянын патент жана өнөр жай үлгүлөрү боюнча көзөмөлчүсү Динеш Патиль менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө, Рахат Керимбаева, Кыргызпатенттин адистерин географиялык көрсөткүчтөр боюнча окутуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын Жогорку окуу жайларында Бизнес-инкубаторлор, технопарктар ачылган. Бул багытта да кызматташууну кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрдү. Андан тышкары, Кыргызстанда уникалдуу инновациялык борбор иш алып барып жатканын айткан Рахат Керимбаева, мындай биргелешкен борборлорду аймактарда ачуу сунушун ортого салды.

Рахат Керимбаева, ошондой эле, стартап программаларды эки тараптуу колдоо сунушун айтты. Индия тарап бул сунушту колдоого алды.  Жолугушуунун соңунда, тараптар биргелешкен меморандумга кол коюу боюнча макулдашышты. Бул жакынкы арада ишке ашаары күтүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *