Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2024-жылдын 29-январынан тартып Кыргызпатенттин “40 райондон 40 демилге” долбооруна Баткен өрүгү менен катышып, утуп алган Турсунали Төлөмүшов Кытай Эл Республикасынын Ляонин провинциясындагы Шеньян шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча конференцияга катышып жатат.

Конференцияга Кыргызпатенттин да кызматкерлери катышууда. Белгилей кетсек, ири иш-чарага Россия жана ЕАЭБ мамлекеттеринен 200дөй киши катышууда. Кыргызстандан 15 кишиден турган делегация барган.