Кыргызпатенттин расмий сайты
 

2024-жылдын 30-январында Роман Оморовдун «Синергетика жана хаос» жана «Введение в интеллектуальную собственность и инновации в Кыргызской Республике» деген аталыштагы китептеринин бет ачары өттү. Иш-чарага Кыргызпатенттин директорунун орун басары Улан Исмаилбеков катышып, Рахат Керимбаеванын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор, Эл аралык илимдер академиясынын академиги Роман Оморов өзүнүн “Синергетика жана хаос” жана «Введение в интеллектуальную собственность и инновации в Кыргызской Республике» деген жаңы китептерин 50 даанадан Кыргызпатентке тапшырды. 

“Синергетика жана хаос” аттуу монографиясында автор өзүн өзү уюштурган системалар жана процесстер жөнүндө, буларды изилдеген илим — синергетика жөнүндө илимий — популярдуу түрдө кеңири маалымат берет. 

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева профессор Роман Оморовду жылуу куттуктап, бул китептер илимге зор салым кошорун белгиледи. Бул китептер Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордун китепканасынын текчелеринен орун алат.