Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бүгүн, 2024-жылдын 16-апрелинде Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева “Бишкектеги ЕККУ Академиясы коомдук фондунун директору Кейт Волкер айым менен кызматташуу жана  ара аракеттен жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Ошондой эле тараптар Кыргызпатенттин келечектүү долбоорлорун ишке ашыруу, анын катышуучуларына чет өлкөдө билим алуу жана тажрыйба алмашуу боюнча көмөк көрсөтүү жаатында макулдашышты.

Белгилей кетсек, ЕККУнун Бишкектеги Академиясы 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму тарабынан түзүлгөн коомдук фонд. ЕККУ Академиясы ЕККУнун принциптерин жана баалуулуктарын дипломдук билим берүү, кесиптик даярдоо жана интеллектуалдык алмашуу аркылуу илгерилетет. Мындан тышкары, Академия илимий изилдөөлөрдү камсыздайт, академиянын миссиясына тиешелүү маселелер боюнча макалаларды, саясий баяндамаларды жана илимий эмгектерди басып чыгарат жана анын илимий потенциалын тынымсыз бекемдөөгө умтулат.

ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын миссиясы жогорку билим берүүнү, кесиптик даярдоону жана интеллектуалдык алмашууну сунуштоо аркылуу Борбордук Азияда аймактык кызматташтыкты, чыр-чатактарды алдын алууну жана ак ниет башкарууну илгерилетүү болуп саналат.