Кыргызпатенттин расмий сайты
 
КЫРГЫЗПАТЕНТТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖККУнун ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШУУДА

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖККУнун ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШУУДА

IMG_0246
IMG_0260
IMG_0302
previous arrow
next arrow

2024-жылдын 17-18-апрелинде ЖККУнун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясына караштуу Координациялык кеңешинин жумушчу тобунун отуруму болуп өттү. Анда аскердик-экономикалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана пайдаланылган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына болгон укуктарды өз ара коргоо маселелери талкууланды. 

Кыргыз Республикасынын улуттук делегациясынын өкүлдөрү — биргелешкен долбоордун алкагында интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укук портфелдерин түзүү боюнча аскердик-экономикалык кызматташтык үчүн сунуштамалардын долбоорун карашты. Аталган долбоор — Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик-өнөр жай комплекс ишканаларынын ортосунда кызматташтыкта түзүлгөн.

ЖККУнун Аскердик-экономикалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана колдонулган интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжалары каралган Координациялык кеңештин жыйынына — Беларусь Республикасынан, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Казакстан Республикасынан жана Кыргыз Республикасынан Координациялык кеңештин улуттук бөлүктөрү катышууда. 

Жыйынга — Кыргыз Республикасынан Координациялык кеңештин улуттук бөлүгүнөн — Коргоо министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышууда.