Кыргызпатенттин расмий сайты
 

КЫРГЫЗПАТЕНТТИН ДИРЕКТОРУ РАХАТ КЕРИМБАЕВА ИМБДУнун БАШКЫ ДИРЕКТОРУ ДАРЕН ТАНГ МЕНЕН ЖОЛУКТУ 

2024-жылдын 15-июлунда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) мүчө-мамлекеттеринин Ассамблеяларынын 65-сериясынын отурумдарынын алкагында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен ИМБДУнун Башкы директору Дарен Тангдын жолугушуусу БУУнун Женевадагы кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Омор Султановдун катышуусунда болуп өттү.

Жолугушуунун башында ИМБДУнун Башкы директору Дарен Танг Кыргыз Республикасынын делегациясын Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында кыргыз адабияты менен искусствосуна арналган көргөзмөнүн ийгиликтүү ачылышы менен куттуктап, өзгөчө даярдыкты жана жогорку деңгээлдеги аткарууну өзгөчө белгиледи. 

Андан ары тараптар Кыргызпатент менен ИМБДУнун ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, өткөн жылдагы жетишкендиктерди жана жакынкы келечектеги пландарды белгилешти.

Атап айтканда, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында интеллектуалдык менчик боюнча ЖОЖдор аралык кафедра ачуу маселесин, ошондой эле ИМБДУ менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык форум өткөрүү боюнча макулдашышты. 

Ошондой эле, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Дарен Тангды Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.