Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ИМБДУга мүчө мамлекеттердин делегациялары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

2024-жылдын 9-июлунан 17-июлуна чейин Швейцариянын Женева шаарында өткөн Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) мүчө мамлекеттеринин Ассамблеяларынын 65-сериясынын алкагында Кыргызпатенттин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна Швейцария, Түркия, Беларусь, Индия, Сауд Аравия Королдугу жана Индонезия сыяктуу ИМБДУга мүчө мамлекеттердин делегациялары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Швейцариянын патенттик ведомствосунун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн патенттик ведомстволорунун ортосундагы кызматташтыкты түзүү маселеси талкууланды. 

Тактап айтканда, тараптар Швейцария өкмөтү тарабынан колдоого алынган интеллектуалдык менчик жаатындагы техникалык кызматташуу долбоорлоруна Кыргызпатенттин катышуусу тууралуу макулдашты.

Түркпатенттин жетекчиси Зеки Дурак мырза менен жолугушууда директор Рахат Керимбаева аны кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызпатент менен Түркпатенттин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын кол коюлган 11-протоколунун алкагында кызматташууну улантууну макулдашты.

Тараптар ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун ишмердүүлүгүнүн алкагында интеллектуалдык менчик жана инновация тармагында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Беларусь Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук борбору менен коммерциялык максатта жарыяланган фонограммаларга жана мындай фонограммаларга жазылган аткарууларга укук ээлерине карата кызыкчылыктардын өз ара өкүлчүлүгү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Эки ведомствонун жетекчилери ошондой эле автордук жана чектеш укуктар маселелери боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты.

Индиялык патенттик ведомствонун башчысы доктор Уннат П.Пандит менен ведомстволордун келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды. 

Тактап айтканда, Индия тарап Кыргыз Республикасынын “Салттуу билимдер жөнүндө” мыйзамын изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди. 

Тараптар ошондой эле кызматкерлердин жаңы технологиялар боюнча экзамендерди өткөрүү боюнча көндүмдөрүн жогорулатуу маселелерин талкуулашты жана жакынкы аралыкта кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюуга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Сауд Аравиянын Интеллектуалдык менчик башкармалыгынын Аткаруучу директору, доктор Абдулазиз Аль-Свайлем, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен жолугушууда интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү, анын ичинде патенттик процесстерди санариптештирүү жаатында кызматташуу; укук бузууларга каршы күрөш, ошондой эле ЖОЖдордо жана башка окуу жайларында интеллектуалдык менчик жаатындагы окуу программаларын даярдоо жана ишке ашыруу маселелери талкууланды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызпатент менен Сауд Аравиянын Интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун ортосунда интеллектуалдык менчик жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен Индонезия Республикасынын патенттик ведомствосунун жетекчиси Мин Усихен айымдын эки тараптуу жолугушуусунун алкагында эки өлкөнүн патенттик ведомстволорунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Кол коюлган Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууну макулдашты:

• интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана пайдалануу, ченемдик-укуктук жана башка документтерди алмашуу, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатында тажрыйба алмашуу;

• интеллектуалдык менчикти, салттуу билимдерди жана генетикалык ресурстарды укуктук коргоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн биргелешкен конференцияларга, семинарларга жана жумушчу жолугушууларга катышуу;

• Интернетте автордук укуктарды коргоо маселелерин талкуулоо үчүн жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү;

• технологияларды трансферлөө маселелери боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу.