Кыргызпатенттин расмий сайты
 

18-20-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын XXII отуруму өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызпатенттин директорунун орун басары Исламбек Мойдинов катышууда. Белгилей кетсек, жыйынга Кыргыз Республикасынан тышкары, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын өкүлдөрү да катышып жатат.

Жыйындын күн тартибинде 12 маселе бар, анын ичинде интеллектуалдык менчик маселелери камтылган. Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында ЖККУнун Эл аралык Экономикалык Кызматташтык Кеңеши аскердик-экономикалык кызматташуунун катышуучуларына ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргонуу-өнөр жай (аскердик-өнөр жай) ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкта түзүлгөн биргелешкен долбоордун (иштеп чыгуунун) алкагында интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укук портфелдерин түзүү боюнча макулдашылган Сунуштамаларды кароо чечимин кабыл алды.