Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Дизайн боюнча мыйзам жөнүндө келишимди кабыл алууга багытталган дипломатиялык конференциянын алкагында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук башкармалыгынын (CNIPA) Комиссарынын орун басары Лю Пенгчи мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар интеллектуалдык менчик жаатында эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты. Тажрыйба жана практика алмашуунун келечеги, ошондой эле аймакта интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү козголду.