Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Сауд Арабиясынын Патенттик ведомствосунун аткаруучу директору доктор Абдулазиз Аль-Свайлем менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Анда үстүбүздөгү жылдын июль айында Женевада кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө ведомстволор аралык меморандумду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле Рахат Керимбаева Саудия тарапка Үлгүлөр боюнча мыйзамдар тууралуу келишимди түзүү жана кабыл алуу боюнча Дипломатиялык конференцияны мыкты даярдагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.