Кыргызпатенттин расмий сайты
 
Бүгүн, 2024-жылдын 8-февралында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Коллегиясынын жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Коллегиясынын жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин  Администрациясынын өкүлү Өмүрбеков Медербек Өмүрбековичтин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Коллегиясынын жыйыны болуп өттү. Коллегиянын жыйынын Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачты.

Жыйынында 6 маселе каралды, эң алгачкылардын болуп Кыргызпатенттин отчету жана ведомствого караштуу уюмдардын 2023-жылга карата аткарылган иштери боюнча маалыматтары, ошондой эле 2024-жылга карата план долбоорлору сунушталды.

Мындан тышкары,      2023-жылдын 13-мартындагы №10 Коллегиянын токтомунун 2, 3-пунктарына ылайык, «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча, Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун жеңүүчүлөрүнүн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жана долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн аткарылышы боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле, «40 райондон 40 демилге» долбоору боюнча, Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди ишке ашырууга финансылык каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө Ведомстволор аралык комиссиянын чечими каралды.

“Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ойлоп табуучусу” ардактуу наамын ыйгарууга талапкерди көрсөтүү жөнүндө маселелер каралды. Маалыматты угуп жана талкуулап, киргизилген сунуштарды эске алуу менен Коллегия  Кыргызпатенттин жана анын ведомстволук уюмдарынын 2023-жылга ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты эске алуу менен, 2024-жылга пландардын долбоорлорун бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин  Администрациясынын өкүлү Өмүрбеков Медербек Өмүрбекович мамлекетибизде инновацияларды өнүктүрүүгө жана жаштарды илимий-техникалык чөйрөгө алдыга жылдырууга  өзгөчө көңүл бурууну сунуштады. Ошондой эле Кыргызпатент өзүнүн координациясына жаштарга насаатчы катары билим берүнүү  уюштуруп, Насаатчылар институтун  жол-жоболорун иштеп, мындан ары Кыргызпатент жогоруда айтылгандарды ишке ашыруу жана алдыга өнүктүрүү зарылдыгы айтылды.