Кыргызпатенттин расмий сайты
 

И.Раззаков атындагы КМТУда Интеллектуалдык менчик кафедрасын ачуу, бул багытта Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму менен тыгыз кызматташуу.

Мындай ниеттер бүгүн, 2024-жылдын 22-апрелинде, И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университетинин жамааты, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директорунун орун басары Марко Алеман менен жолугушуусунда айтылды.

Белгилей кетсек, Марко Алеман Кыргызстанга Швейцариянын Женева шаарынан – Кыргызпатент уюштурган Улуттук форум жана анын алкагында өткөн семинарга катышуу үчүн келген.

Эске салсак, И. Раззаков атындагы КМТУ менен Кыргызпатент тыгыз кызматташып келет. Буга чейин университеттин базасында Кыргызпатенттин көмөгү менен Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору ачылган жана бул жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөдү:

“Ишке ашырабыз деген бир топ долбоорлорубуз бар. Анын ичинде интеллектуалдык менчик кафедрасын ачуу маселесин да караганбыз. Бул чоң мүмкүнчүлүк. Эртең Интеллектуалдык менчик жана инновациялар багытында чоң Улуттук форум өткөнү турат. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Жогорку Окуу жайлардын кызматкерлери чакырылган. Баарыбыз бир организмдей болуп Инновация боюнча жүргүзгөн саясатты дүйнөлүк рынокко шарттап, алдыңкы пландарды мерчемдеп жасаган бүгүнкү аракеттер тунук, таза, системалуу болушу керек. Анын катарында, Университетти Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик кафедрасын ачуу максатыбыз да бар. Бул изги тилектер ийгиликтүү ишке ашат деп ишенем”-деди Рахат Керимбаева өз сөзүндө.

Марко Алеман да сөз сүйлөп, изилдөө жана жаратмандыкты илгерилетүүдө, интеллектуалдык менчикти коргоодо университеттердин да ролу чоң экендигин айтты. Андыктан, жогорку окуу жайларда Интеллектуалдык менчикке кимдер укуктуу экенин гана түшүндүрүү жайы эмес, аны коммерциялаштыруу механизмдеринин ордосуна айлануусу зарыл экендигин кошумчалады.