Кыргызпатенттин расмий сайты
 

11-июлда, Женева шаарында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Сауд Арабиянын Интеллектуалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Альсвайлем менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Анын жүрүшүндө, тараптар инновациялык долбоорлорду өнүктүрүү, стартап долбоорлорду биргелешип колдоо боюнча долбоор иштеп чыгуу, IP тармагындагы адистерди окутууга көмөктөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашышты.

Кыргызстандын кооз жаратылышы жана нукура улуттук тамак-ашына суктанаарын айткан Абдулазиз Альсвайлем, бул боюнча биздин ашпозчулардан Сауд Арабия адистери үчүн мастер-класс уюштурууга кызыкдар экенин да айтып өттү. Сауд Арабия тарап Кыргызпатент менен кызматташууга ар дайым ачык экенин билдирди

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *