Кыргызпатенттин расмий сайты
 

10-июлда, Женева шаарында, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Венгриянын интеллектуалдык менчик ведомствосунун президенти Саболч Фаркаш менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстандагы стартап долбоорлорду биргелешип колдоо боюнча аракеттерди көрүү тууралуу сүйлөшүштү. Ошондой эле, Рахат Керимбаева Венгриялык өнөктөштөрүн, автордук укуктарды коргоо тармагын санариптештирүү боюнча тажрыйба бөлүшүүгө чакырды.

Венгрия тарап, бул жакшы идея экенин белгилеп, университеттерде IP тармагы боюнча кандай жаңылануулар жүрүп жатканын көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда, тараптар буга чейин кабыл алынган меморандумдун алкагында кызматташуу боюнча макулдашуу кабыл алуу тууралуу макулдашышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *