Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна мүчө мамлекеттердин 64-Башкы Ассамблеясынын алкагында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева эки тараптуу жолугушууларды улантууда.

7-июль күнү, Германиянын патенттик ведомствосунун президенти Ева Шевиор менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар трансфер технология, стартап идеяларды колдоо боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.

Ошондой эле, товардык белгилер багытындагы эксперттерди стажировкадан өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрдү. Белгилей кетсек, Кыргызпатентте 22 эксперт бар.

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Германиялык өнөктөштөрүнө — мекеменин 30 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форумга расмий чакыруу катты тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *