Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева Кореянын интеллектуалдык менчик офисинин комиссары менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул — Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун 64-Башкы Ассамблеясы алкагында ишке ашты.

Жолугушууда Рахат Керимбаева буга чейин ишке ашкан — Кыргыз Улуттук Университетинде гидропоника теплицасын куруу боюнча долбоор үчүн ыраазычылык билдирип, ушул сыяктуу долбоорлорду аймактарда уюштуруу боюнча идеясын бөлүштү. Корея тарап мындай идеяларды колдоорун билдирди. Ошондой эле Кыргызпатент тарабынан меморандумдун алкагында стартап долбоорлорду колдоо боюнча кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүрдү.

Жолугушууда Трансфер технологиялар боюнча эки тараптуу макулдашуулар да орун алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *