Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Кыргызстанда 23-апрель, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду. Кыргызпатент интеллектуалдык менчикке болгон укукту коргоо боюнча жооптуу мамлекеттик орган катары, бул күнгө карата бир катар иш-чараларды уюштурган. Бул иш-чараларга катышуу үчүн Швейцариянын Женева шаарынан, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директорунун орун басары Марко Алеман чакырылган.

2024-жылы 22-апрелде, Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордун жыйындар залында “Жогорку окуу жайлардагы интеллектуалдык менчик жана инновациялык саясат” деген аталыштагы семинар болуп өттү. Анын алкагында, Швейцариядан келген мейман үчүн Инновациялык борборго экскурсия уюштурулуп, андагы техникалык мүмкүнчүлүктөр, Кыргызпатенттин келечектүү долбоорлору, инновацияны өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Семинардын жүрүшүндө Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башкы директорунун орун басары Марко Алеман сөз сүйлөп, автордук укукту коргоонун мааниси тууралуу кеңири токтолду. Ошондой эле, семинардын катышуучуларынын кызыккан суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун кызматкери Сайдахмад Азимов, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан тышкары, Кыргызпатенттин бир катар эксперттери автордук укукту коргоо, патенттик ишмердүүлүк боюнча презентацияларды жасашты. Иш-чара маданий программалар менен коштолду.