Кыргызпатенттин расмий сайты
 

ЕАПУнун президенти Григорий Ивлиев Улуттук форумга катышты

ЕАПУнун президенти Григорий Ивлиев 2024-жылдын 23-апрелинде ИМБДУнун жана ЕАПУнун колдоосунда Кыргызпатент тарабынан Бишкекте уюштурулган “Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн интеллектуалдык менчик жана инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” форумуна катышууда.

Форумга негизинен Кыргызстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жогорку окуу жайларынын кызматкерлери чакырылган. Иш-чаранын алкагында «40 райондон 40 демилге» жана «Стартап аллеясы» долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулган.

Форумдун ачылышында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров — интеллектуалдык менчик системасы инновациялык экономиканы өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы экенин жана Кыргызстан жана ЕАПУ экономикалык өсүш жана инвестициялык жагымдуулук үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн баса белгиледи.

Григорий Ивлиев уюмга мүчө мамлекеттерге интеллектуалдык менчиктин улуттук системаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи:

«Биз мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн долбоорлорду ишке ашырууга багытталганбыз, алардын инноваторлору жана ведомстволору жаңы технологиялар жана жаңы инновациялык продуктулар менен коштолууда, биздин оюбузча, замандын чакырыктарын жеңип чыгууда Евразия аймагы биргелешип аракеттенгенде гана мүмкүн болот».

ЕАПУнун Президенти экспертиза, IT жана маалыматтык коопсуздук жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн потенциалдуу багыттарын белгиледи: EA-PPR иш кагаздарын ыкчам жүргүзүү боюнча евразиялык программа, артыкчылыктуу документтердин көчүрмөлөрүн электрондук алмашуу боюнча евразиялык долбоор жана патенттик аутсорсинг.

Форумдун алкагында Григорий Ивлиев «Келечекке көз салуу» Евразиялык Универсиадасынын жеңүүчүлөрү: Айдеми Төлөгөновна Мурзабекова «Арчадан май өндүрүү жана анын касиеттери» конкурстук иши менен жана Анеля Руслановна Руслановага «Мохту турмуш-тиричиликке колдонуу» сынактык эмгектери үчүн сыйлыктарды жана баалуу белектерди тапшырды.