Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун башкы директорунун орун басары Марко Алеман Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.

Мындай аракет 23-апрель, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында аткарылды.

Кыргызпатент “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар: жаркын келечекке бирге” деген аталыштагы Улуттук форум уюштурууда. Анын алкагында автордук укукту коргоого байланышкан семинарлар жана панелдик сессиялар уюштурулууда.

Марко Алеман улуу жазуучу, дипломат Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык жолуна жана ишмердүүлүгүнө байланышкан сүрөттөрдү, ал колдонгон буюм-тайымдарды жана ал калтырып кеткен мурастарды кызыгуу менен көрүп чыкты.

Көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн ичинен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Патент системасынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун сыйлыгы кызыктырды. Бул сыйлык Чыңгыз Айтматовго 2003-жылы ыйгарылган.