Кыргызпатенттин расмий сайты
 

Акылбек Жапаров Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун өкүлү менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Интеллектуалдык менчик жана өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү үчүн инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге” аттуу улуттук форумдун алкагында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман менен жолукту.

Форумда куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасы интеллектуалдык менчиктин, инновациялардын жана креативдүүлүктүн тең салмактуу жана эффективдүү экосистемасынын калыптанышы Кыргызстандын стратегиялык өнүгүүсүнүн шартында негизги мааниге ээ болуп жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстандын алдында татаал жана ошол эле учурда жооптуу милдет турат – улуттук экономиканы сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу, өнүгүүнүн инновациялык жолуна өтүү. Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик рыногун калыптандыруу процесси өзүнүн өнүгүүсүнүн баштапкы этабында турат жана мамлекеттик институттардан да, эл аралык уюмдардан да, коомдук структуралардан да ар тараптуу колдоону талап кылат», — деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде ИМБДУнун башкы директорунун жардамчысы Марко Алеман өлкөдө интеллектуалдык менчик тармагында олуттуу жылыштар болгондугун, мунун далили катары мыйзамдык базанын өркүндөтүлүшү, анын ичинде бул жааттагы 5 мыйзамдын кабыл алынышы да далил болоорун баса белгиледи.