12-декабрда Инновациялык борбордо Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева АКШнын Соода министрлигинин Коммерциялык укукту өнүктүрүү программасынын (CLDP) башкы кеңешчисинин орун басары Джо Янг менен жолугушту.
Кыргызпатенттин жетекчиси Рахат Керимбаева бөлүм тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго кеңири токтолду: таланттуу жаштарды, ойлоп табуучуларды жана рационализаторлорду табууга багытталган ар кандай пилоттук программаларды өткөрүү жөнүндө; коомдук башталышта илимий лидерлер институтун өнүктүрүү, бизнес-инкубаторлордун тармагын өнүктүрүү, аймактарда Инновациялык борборлорду ачуу зарылчылыгы.
Кыргызпатенттин директору ошондой эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ведомство тарабынан демилгеленген беш мыйзам долбоору каралып жатканын билдирди.
Өз кезегинде Джо Янг талкууланып жаткан маселелерге чоң кызыгуу көрсөттү, ал Кыргызпатент интеллектуалдык менчик объектилерин алдыга жылдыруу боюнча жооптуу жана өтө түйшүктүү иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу боюнча макулдашышты.